Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-августу № 140
Кызыл-Кыштак айылындагы өрт кырсыгынан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXII сессиясы күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айылындагы өрт кырсыгынан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин чыгашалар бөлүгүндө “өзгөчө кырдаалдар үчүн” каралган акча каражатынан 380,0 миӊ сом жана айыл өкмөтүнүн башчысынын материалдык жардам көрсөтүү фондусунан 100,0 миӊ сом Кызыл-Кыштак айылындагы өрт кырсыгынан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн которулсун.
2. Кызыл-Кыштак айылындагы өрт кырсыгынан жабыр тарткан турак жайлардын денгээлине жараша 10 турак - жайдан:
- О .Алимовго -140000,0 миӊ сомдон,
- А. Рахманбердиевге -160000,0 миӊ сомдон,
- К. Иминовго - 30000
- Д. Иминовго - 35000
- З. Дадажановго - 80000
- Д.Рахмановага - 15000
- Я.Юлдашевге - 20000
Жалпысы болуп - 480000 (төрт жүз сексен миӊ) сом жардам көрсөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |