Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-августу №142
Айылдык кеӊештин депутаттарына “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна” катышып келүүгө акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXII сессиясы күн тартибиндеги:Айылдык кеӊештин депутаттарына “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна” катышып келүүгө акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айылдык кеӊештин депутаттарына “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна” катышып келүүгө 70,0 (жетимиш) миӊ сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |