Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры №144
Андижан айылындагы 4277,0 чарчы метр жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жана ижарага берүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: “Андижан айылындагы 4277,0 чарчы метр жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жана ижарага берүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Андижан айылындагы 4277,0 чарчы жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Андижан айылындагы 4277,0 чарчы метр жер аянты Айбек атындагы мектептин спорт аянтчасы болуп бекитилсин.
3. Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана укуктарды каттооо мамлекеттик башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4. Ушул 4277,0 чарчы метр спорт аянтчасынан 1050,0 чарчы метр жер аянтына демөөрчүүлөр тарабынан кичи футбол аянтчасын курууга уруксат берилсин жана ижарага берүү айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |