Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры №146
2024 аскер бөлүгүнүн “Белкыштак” чек ара постунун авриялык абалдагы чарбалык курулуштарын оӊдоп-түзөөгө (ремонт) иштерине 60,0 миӊ сом акчалай жардам берүү боюнча 04.08.2016-жылдагы № 486- каты жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: “2024 аскер бөлүгүнүн “Белкыштак” чек ара постунун авриялык абалдагы чарбалык курулуштарын оӊдоп-түзөөгө (ремонт) иштерине 60,0 миӊ сом акчалай жардам берүү боюнча 04.08.2016-жылдагы № 486- каты жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2024 аскер бөлүгүнүн “Белкыштак” чек ара постунун авриялык абалдагы чарбалык курулуштарын оӊдоп-түзөөгө (ремонт) иштерине 60,0 миӊ сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |