Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры №147
Кызыл-Кыштак айылындагы №65-М.Сабиров атындагы мектептин директорунун мектепке жаӊы ашкана (кухня) куруу боюнча билдирүүсү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айылындагы №65-М.Сабиров атындагы мектептин директорунун мектепке жаӊы ашкана (кухня) куруу боюнча билдирүүсү жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап жана Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комисиясынын 2016-жылдын 12-сентябрындагы отрумуну № 3-протоколунун чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетине 2016-жылы кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен Кызыл-Кыштак айылындагы № 65 - М.Сабиров атындагы мектептин ашканасынын (кухнясынын) курулушуна сметада көрсөтүлгөн 927,5 миӊ сом, электрдик, сантехникалык жана башка кошумча курулуш- мантаждоо иштерге 272,5 миӊ сом жалпысы болуп 1 200,0 миӊ сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |