Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры №148
Катта-Терек учаскасынын тургундарынын таза суу жеткирип келүү үчүн суу түтүктөрүн сатып алууга акчалай жардам берүү боюнча арызы жөнүдө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: “Катта-Терек учаскасынын тургундарынын таза суу жеткирип келүү үчүн суу түтүктөрүн сатып алууга акчалай жардам берүү боюнча арызы жөнүдөгү” маселени карап чыгып, талкуулап жана Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комисиясынын 2016-жылдын 29-августундагы отрумуну № 2-протоколунун чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетине 2016-жылы кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен Катта-Терек учаскасына таза суу жеткирип келүү үчүн суу түтүктөрүн сатып алууга 200,0 миӊ сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |