Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры №149
Кызыл-Кыштак айылынын айыл башчысы А.Ахмадалиевдин жана депутат Д.Рахмановдун Беш-Капа участкасындагы көчөлөрдүн канализациянын курулуштарына айыл өкмөтү тарабынан Беш-Капа көчөсүнө 250,0 миӊ сом, М.Хашимов атындагы көчөгө 50,0 миӊ сом жана К.Сабиров атындагы көчөгө 150,0 миӊ сом акча каражаттарын ажыратып берүү боюнча билдирүүсү жөнүдө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айылынын айыл башчысы А.Ахмадалиевдин жана депутат Д.Рахмановдун Беш-Капа участкасындагы көчөлөрдүн канализациянын курулуштарына айыл өкмөтү тарабынан Беш-Капа көчөсүнө 250,0 миӊ сом, М.Хашимов атындагы көчөгө 50,0 миӊ сом жана К.Сабиров атындагы көчөгө 150,0 миӊ сом акча каражаттарын ажыратып берүү боюнча билдирүүсү жөнүдөгү” маселени карап чыгып, жана Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комисиясынын 2016-жылдын 23-сентябрындагы отрумуну № 5-протоколунун чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетине 2016-жылы кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен айыл өкмөтү тарабынан Кызыл-Кыштак айылынын Беш-Капа участкасындагы төмөндөгү көчөлөрдүн канализация курулуштарына:
- Беш-Капа көчөсүнө 250,0 миӊ сом,
-К.Сабиров атындагы көчөгө 150,0 миӊ сом,
-М.Хашимов атындагы көчөгө, 50,0 миӊ сом ажыратылсын.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |