Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры №150
Коммунист айылына жогорку чыӊалуудагы электр линиясын тартууга акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: “Коммунист айылына жогорку чыӊалуудагы электр линиясын тартууга акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү”маселени карап чыгып, талкуулап жана Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комисиясынын 2016-жылдын 12-сентябрындагы отрумуну № 3-протоколунун чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2016-жылы бюджетте Коммунист айылына каралган акча каражатынын эсебинен жогорку чыӊалуудагы электр линиясын тартууга 550,0 миӊ сом акча каражатын ажыратылсын.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |