Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
1999-жылдын 24-марты № 119-б
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-июнундагы № 244-б, 2006-жылдын 22-августу № 458-б 2012-жылдын 11-июлундагы № 331-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 4-февралындагы № 58 буйругуна ылайык, мамлекеттик административдик имараттардын пайдаланылышын иретке келтирүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы белгиленген тартипте Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 193 дареги боюнча жайгашкан имараттагы ээлеп турган кызматтык жайларын "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" басма үйлөрүнө жана "Эркин-Тоо" гезитинин редакциясына акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында бекитип берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июлундагы № 331-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 29-ноябрындагы № 388-б буйругунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
Вице-премьер-министри | Б.Силаев |