Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры №151
Кызыл-Кыштак айылындагы Бостон балдар бакчасына мебелдик эмеректерди, ашкана жабдууларын жана инвентарларды сатып алууга акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айылындагы Бостон балдар бакчасына мебелдик эмеректерди, ашкана жабдууларын жана инвентарларды сатып алууга акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү”маселени карап чыгып, талкуулап жана Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комисиясынын 2016-жылдын 29-августундагы отрумуну № 2-протоколунун чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетине 2016-жылы кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен Кызыл-Кыштак айылындагы Бостон балдар бакчасына мебелдик эмеректерди, ашкана жабдууларды жана инвентарларды сатып алууга сметадагы 886,2 миӊ сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |