Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры №152
Андижан айылынындагы Ленин көчөсүнүн четине латок-арык коюуга акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: “Андижан айылынындагы Ленин көчөсүнүн четине латок-арык коюуга акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү маселе боюнча Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комисиясынын 2016-жылдын 12-сентябрдагы отрумуну № 3-протоколунун чечиминин негизинде карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комисиясынын 2016-жылдын 12-сентябрдагы отрумуну № 3-протоколунун чечими бекитилип, Андижан айылынындагы Ленин көчөсүнүн четине латок-арык коюуга, кошумча түшкөн каражаттардын эсебинен, 100,0 (жүз) миӊ сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |