Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры №153
Төлөйкөн ҮБДТ имараттарынын ремонтуна кошумча акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: “Төлөйкөн ҮБДТ имараттарынын ремонтуна кошумча акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комисиясынын 2016-жылдын 15-августудагы отрумуну № 1-протоколунун чечиминин негизинде Төлөйкөн ҮБДТнүн төрөт үйүнүн ремонтуна 2016-жылда кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен 100,0 миӊ сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комисиясынын 2016-жылдын 19-сентябрындагы отрумуну № 4-протоколунун чечиминин негизинде Төлөйкөн ҮБДТ имараттарынын ремонтуна 2016-жылда кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен 200,0 миӊ сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |