Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры №154
Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын Андижан айылындагы “Курманжан датка” медресесин ачуу үчүн демилгечи жарандарга макулдук берүү боюнча Ош облусунун казыятынын 24.08.2016-жылдагы № 269 - каты жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын Андижан айылындагы “Курманжан датка” медресесин ачуу үчүн демилгечи жарандарга макулдук берүү боюнча Ош облусунун казыятынын 24.08.2016-жылдагы № 269 - каты жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын Андижан айылындагы “Курманжан датка” медресесин ачууга макулдук берилсин.
2. Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан дин иштери боюнча комиссиясынан макулдук берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |