Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры №155
Жаӊы-Турмуш айылындагы жаӊы конуштарга электр чубалгыларын тартып келүүгө электр мамычалары үчүн акча каражатын ажыратуу боюнча жаӊы конуштардын тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: “Жаӊы-Турмуш айылындагы жаӊы конуштарга электр чубалгыларын тартып келүүгө электр мамычалары үчүн акча каражатын ажыратуу боюнча жаӊы конуштардын тургундарынын арызын кароо жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап жана Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комисиясынын 2016-жылдын 29-августундагы отрумуну № 2-протоколунун чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаӊы-Турмуш айылындагы жаӊы конуштарга электр чубалгыларын тартып келүүгө электр мамычалары үчүн 2016-жылда кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен 150,0 миӊ сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |