Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры №156
Андижан айылындагы Л.Худайбердиев атындагы көчөнү асфальтоого акча каражатын ажыратуу боюнча ушул көчөнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: “Андижан айылындагы Л.Худайбердиев атындагы көчөнү асфальтоого акча каражатын ажыратуу боюнча ушул көчөнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комисиясынын 2016-жылдын 15-августундагы отрумуну № 1-протоколунун чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Андижан айылындагы Л.Худайбердиев атындагы көчөнү асфальтоого 2016-жылда кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен 500,0 миӊ сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |