Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры №157
Кызыл-Кыштак айылындагы К.Сабиров атындагы көчөдө жайгашкан суу насосуна суу тазалоочу жабдык жана суу кампасын орнотуу үчүн акча каражатын ажыратуу боюнча Кызыл-Кыштак айылынын тургундарынын арызы жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айылындагы К.Сабиров атындагы көчөдө жайгашкан суу насосуна суу тазалоочу жабдык жана суу кампасын орнотуу үчүн акча каражатын ажыратуу боюнча Кызыл-Кыштак айылынын тургундарынын арызы жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап жана Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комисиясынын 2016-жылдын 12-сентябрындагы отрумунун № 3-протоколунун чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айылындагы К.Сабиров атындагы көчөдө жайгашкан суу насосуна суу тазалоочу жабдык жана суу кампасын орнотуу үчүн 2016-жылда кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен 400,0 миӊ сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |