Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры №158
Окуп жаткан студенттерге контрактарын төлөөгө жардам суранган арыздар жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: “Окуп жаткан студенттерге контрактарын төлөөгө жардам суранган арыздар жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комисиясынын 2016-жылдын 19-сентябрындагы отрумуну № 4-протоколунун чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетине 2016-жылы кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен Кызыл-Кыштак айылындагы М .Хашимов көчөсүнүн № 23 -үйүнүн тургуну, жалгыз бой эне Д.Рахманованын Ош МСУда окуп жаткан кызы Рахманова Фарангизге контрактын төлөө үчүн 23,0 миӊ сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетине 2016-жылы кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен Ишкаван айылындагы К. Маткаримов атындагы мектептин директору А. Исакованын сураныч катынын негизинде Ош МУда окуп жаткан Ысакова Кыздарканга контрактын төлөө үчүн 15,0 миӊ сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |