Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры №159
Ишкаван айылындагы К.Маткаримов атындагы орто мектептин спорт сарайына жана мектептин айланасынын тосмосуна акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: “Ишкаван айылындагы К.Маткаримов атындагы орто мектептин спорт сарайына жана мектептин айланасынын тосмосуна акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү ” айыл бшчы О.Абдазимовдун билдирүүсү боюнча маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетине 2016-жылы кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен Ишкаван айылындагы К.Маткаримов атындагы орто мектептин спорт сарайынын курулушуна 350,0 миӊ сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетине 2016-жылы кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен Ишкаван айылындагы К.Маткаримов атындагы орто мектептин айланасынын тосмосуна 150,0 миӊ сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |