Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры №160
Кызыл-Кыштак айылдыкы аймагында АРИСтин “Айылды инвестициялоо-3” долбоорунун 2-циклинин алкагында айылдардын муктаждыктарын артыкчылыкташтыруу үчүн конкурстук комиссияны түзүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдыкы аймагында АРИСтин “Айылды инвестициялоо-3” долбоорунун 2-циклинин алкагында айылдардын муктаждыктарын артыкчылыкташтыруу үчүн конкурстук комиссияны түзүү жөнүндөгү” Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 13.09.2016-жылдагы № 307-2 буйругун бекитүү боюнча маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
I. Кызыл-Кыштак айылдыкы аймагында АРИСтин “Айылды инвестициялоо-3” долбоорунун 2-циклинин алкагында айылдардын муктаждыктарын артыкчылыкташтыруу үчүн конкурстук комиссия түзүү жөнүндө Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 13.09.2016-жылдагы № 307-2 буйругу менен түзүлгөн төмөндөгү конкурстук комиссиянын курамы бекитилисин.
1. Маматов А. – комиссиянын төрагасы, айыл өкмөтүнүн кызматкери,
Комиссиянын мүчөлөрү:
2. Ахмадалиев А. – Кызыл-Кыштак айылынын айыл башчысы,
3. Хусанов М.- Андижан айылынын айыл башчысы,
4. Умурзаков А.- Жаӊы-Турмуш айылынын айыл башчысы,
5. Ураимов З.- Коммунист айылынын айыл башчысы,
6. Асанов Н. – Кызыл-Байрак айылынын айыл башчысы,
7. Абдазимов О. – Ишкаван айылынын айыл башчысы,
II. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
III.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |