Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-февралы № 67
Мады айыл аймагында таштандыларды ташып чыгуу жана айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу максатында Мады-Тазалык муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Мады айылдк аймагында таштандыларды ташып чыгуу жана айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туру максатында «Мады-Тазалык» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү маселелерин угуп жана талкуулап Мады айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мады айыл өкмөтүнүн алдында «Мады-Тазалык» муниципалдык ишканасы түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын.
«Мады-Тазалык» муниципалдык ишканасынын толук аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Мады-Тазалык» муниципалдык ишканасы.
Расмий тилде аталышы: Муниципальное предприятие «Мады-Тазалык»
«Мады-Тазалык» муниципалдык ишканасынны кыскартылган аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Мады-Тазалык» МИ.
Расмий тилде аталышы: МП. «Мады-Тазалык».
2. «Мады-Тазалык» муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү органдарынан мамлекеттик каттодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Матанбаев Жамшит Кадыровичке жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелелри тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага |
К. Султанбеков |