Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 15/70
Ош шаар суу канал башкармалыгына санитардык аймактык № 1060 контурундагы 36,49 га жер аянтын өкөрүп берүү жөнүндөгү мамлекеттик АКТнын берилишинин мыйзамдуулугу жөнүндө
Жаӊы ачылган жагдайларга байланыштуу Ош шаар суу канал муниципалдык ишканасына санитардык аймактын № 1060 онтурундагы 36,49 га жер аянтын өткөрүп берүү жөнүндөгү мамлекеттик АКТнын берилишинин мыйзамдуулугун кароо жөнүндөгү Мады айылдык кенешинин Мыйзамдуулук, Укук, мандат, тартипти чындоо, кенештин иштери, депутаттык этика боюнча жана айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккөукутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча депутаттык туруктуу комиссияларынын отурмдарынын чечимдерин талкуулап, Мады айыл аймагынын тургундарынын ичүүчү таза сууга болгон көйгөйлүү маселелерди чечүү жөнүндөгү суроо-талаптарын эске алып Мады айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош областык Сотунун Административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынан Мады айыл округунун Мады айылындагы № 1060 контурундагы 32,49 га сонитардык зонадагы жер аянты Ош шаар суу канал муниципалдык ишканасына өткөрүп берилгендигинин мыйзамдуулугун карап берүү жагы суралсын.
2. Ош областык Сотунун Административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынан Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо боюнча башкармасы тарабынан 26-март 2010-жылдагы каттоо № 5128 сериясы Б № 011821 (мурдагысы), кийинки Б № 014596 менен берилген мамлекеттик АКТнын берилишинин мыйзамдуулугун кайрадан карап, мамлекеттик актынын жокко чыгарып берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чындоо, кенештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына (Б. Мадазимов) жүктөлсүн.
Төрага |
К. Султанбеков |