Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 15/71
Мады айыл өкмөтүнүн Чагыр-Октябрь айылдарындагы ички жолдорду Транспорт министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн Чагыр-Октябрь айылдарын бириктирген 750 метр айыл өкмөтүнүн карамагында турган ички жолдун абалы өтө начар абалда калгандыгын эске алып, бул жолдорду тейлөөгө айыл өкмөтүнүн бюджетинин чамасы жетпестиги жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин билдирүүсүн жана элдин суроо талабын угуп, талкуулап Мады айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мады айыл өкмөтүнүн Чагыр-Октябрь айылдарын бириктирген 750 метр айыл өкмөтүнүн карамагында турган ички жолду Кыргыз Реуспубликасынын Транспорт жана Коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүп берүүгө маакулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин финансы жана бюджет боюнча комиссиясына (Ж. Аматов) жуктөлсүн.
Төрага |
К. Султанбеков |