Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-мартындагы № 16/74
Мады айыл өкмөтүнүн 2015-жылга түзүлгөн Бюджетинин киреше-чыгаша бөлүктөрүнүн 6 айда аткарылышынын абалы жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2015-жылдын 6 айында аткарылышынын жана анын киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М. Шабдановдун берген маалыматын Мады айылдык кенешинин кезектеги сессиясын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2015-жылдын 6 айлыгында айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша болукторунун аткарылышы боюнча Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М. Шабдановдун берген маалыматы жактырылсын.
2. Мады айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине, айыл башчыларга жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктын планын аткарууну салыктын ар бир түрү боюнча камсыз кылуу, ошондой эле кошумча булактарды табуу же болбосо соода түйүндорүнөн түшүүчү салыктын эсебинен айыл өкмөт үнүн бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн Финансы-экономикалык бөлүмүнө 6 айлыктын жыйынтыгы менен кошумча смета түзүлүп, үнөмдөлгөн каражаттарды бир тармактан башка тармакка которууга уруксат берилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн Финансы-экономикалык бөлүмүнө ижара акыларын өз убагында жана толук өлчөмдө чогултуу боюнча иш чараларды күчөтүү менен экинчи жарым жылдыкта ижара акыларын топтоо боюнча белгиленген пландын аткарылышын толук камсыз кылуу, социалдык фондко төлөмдөрдү өз убагында жана толук өлчөмдө толоп туруу жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткрылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин тийиштүү туруктуу комиссияларына (Ж. Аматов, Б. Мадазимов) жүктөлсүн.
Төрага |
К. Султанбеков |