Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июлу № 16/76
«Мады тазалык» ишканасы тарабынан таштандыларды алып чыгуу боюнча түзүлгөн бааларды бекитүү жөнүндө
«Мады тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси С. Кавыкеевдин таштандыларды алып чыгуу боюнча түзүлгөн баалары жөнүндөгү билдирүүсүн Мады айылдык кенешинин кезектеги 16 сессиясы угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Мады-Тазалык» ишканасынын таштандыларды алып чыгуу боюнча түзгөн баалары 1 жанга айына 10 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. «Мады-Тазалык» муниципалдык ишканасын жүргүзүүгө колдоо иретинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен жылдын аягына чейин кайтарып берүү шарты менен 50,000 (элүү миӊ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. «Мады-Тазалык» муниципалдык ишканасынын карамагындагы техникалардын ишин көзөмөлдөө максатында депутаттардан турган депутаттык комиссия түзүлсүн (. Тиркеме тиркелет)
4. «Мады-Тазалык» муниципалдык ишканасы үчүн сатылып алынган эксковатор жана мусор ташуучу автоунаасы айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдк кенештин тийиштүү туруктуу комиссияларына (Ж. Аматов, Б. Мадазимов) жүктөлсүн.
Төрага |
К. Султанбеков
Мады айылдык кенешинин 2015-жылдын 29-июлундагы кезектеги XVI сессиясынын № 76 токтомуна тиркеме
|
«Мады» тазалык ишканасынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамы:
1. Ж. Аматов – комиссиянын төрагасы
Мүчөлөрү:
2. К. Зөкөев
3. У. Жээнбаев
4. Д. Каримов
5. М. Каримов
Төрага К. Султанбеков