Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июлу № 16/78
Мады айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 6 айында социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 6 айында социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Матанбаевдин маалыматын Мады айылдык кенешинин кезектеги снссиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мады айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин 2014-жылдын 6 айында социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Матанбаевдин маалымат эске алынсын.
2. Мады айылдык округунун экономикасынын өнүгүүсүн турктуу камсыз кылуу, социалдык маданий абалын жакшыртуу, элди иш менен камсыздоодо баардык өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода, байланыш, элге акылуу кызмат көрсөтүү тармактарынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, чет элдик инвестицияларды тартып келуу менен жергиликтүү сырьелорду пайдаланып продукция чыгаруучу чакан жана орто ишканаларды ачуу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине, айыл башчыларга жана чарба жүргүзүүчү субъектердин жетекчилерине жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн жетекчилигинде 2015-жылга бекитилген социалдык-экономикалык божомолунда көрсөтүлгөн айыл чарба продукцияларын көбөйтүү, өндүрүштүү которуу, мал чарбасын өнүктүрүү жана алардан өндөрүүлгөн продукциялардын сапатын жакшыртуу, өндүрүлгөн продукцияларды өз убагында керектөөчүлөргө жеткирүү, аны сатып өткөрүү иштерин уюштуруу, дыйкан чарбаларга, фермерлерге жана жеке ишкерлерге жакындан жардам берип колдоо көрсөтүү менен аларды сапаттуу үрөн, жер семирткичтер, айыл чарба шаймандары техникалык каражаттар, күйүүчү жанамайлоочу майлар менен камсыз кылуу, малдын асыл тукумдуулугун арттыруу, ветеринардык кызматтан пайдалануусу үчүн жакындан жардам берүү иштерин уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине, айыл башчыларга жана ветеринардык кызматкерлерге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештинг тийиштүү туруктуу комиссиясына (Ж. Аматов, Б. Мадазиов) жүктөлсүн.
Төрага |
К. Султанбеков
|