Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-марты № 12-35
Төлөйкөн айылындагы жаштар үчүн спорт аянтчасын курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү Төлөйкөн айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Мангыт айылдык Кенешинин айылдык Кенештин 17.02.2018-жылдагы 11-сессиясынын №11-30-токтому менен Төлөйкөн айылындагы жаштар үчүн спорт аянтчасын курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү Төлөйкөн айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндөгү маселени изилдеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу комиссиянын маалыматын угуп жана чогулуштун протоколун карап чыгып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Төлөйкөн айылындагы жаштар үчүн спорт аянтчасын курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү Төлөйкөн айылынын тургундарынын кайрылуусун канааттандыруу максатында Төлөйкөн айылында спорт аянтчасын куруу үчүн пландаштырылган, бирок 2003-жылы жүргүзүлгөн мамлекеттик системалык каттоо учурунда айыл өкмөтүнүн токтому менен узак мөөнөткө убактылуу ижара үчүн пайдаланууга берилген 0,65 га жер аянтынын ижара мөөнөтү токтотулуп, кайрадан айыл өкмөтүнүн пайдалануусуна өткөрүп берилсин.
2. Жогоруда аталган жер аянтынын документациялык иштерин бүткөрүп берүү жагы Араван райондук кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгына сунуш кылынсын.
Төрага | А. Малаев |