Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-марты № 12-37
Жаны-Арык айылынын тургундарынын Жаны-Арык айылындагы ФАПтын имаратын башка жерге жылдыруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусу жөнүндө
Мангыт айылдык Кенешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаны-Арык ФАПын көчүрүү жана ремонттоо жөнүндөгү Жаны-Арык айылынын тургундарынын талабын канааттандырылсын.
2. ФАПты көчүрүүгө имарат ажыратуу жана ФАПтын жаны имаратынын курулушу үчүн жер аянтын аныктоо, тиешелүү мекемелердин корутундуларын алуу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Токтоматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө айылдык Кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Малаев |