Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-марты № 6/2
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин жана Кара-Кулжа айылдык Кенешинин туруктуу комиссияларынын 2018-жылга иш-пландарын бекитүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин жана туруктуу комиссияларынын иш-пландарын бекитүү жөнүндөгү протоколдук чечимдерин эске алып 2018-жылга иш-пландарын угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылдык кенешинин жана туруктуу комиссияларынын 2018-жылга иш-пландары тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 1 тиркеме жана туруктуу комиссиялардын иш-пландары тиркелет).
2. Кара-Кулжа айылдык Кенешинин 2018-жылга бекитилген иш-планын жетекчиликке алып аткаруусун камсыздоо жагы жергиликтүү башкаруу органынын өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарына тапшырылсын.
3. Кара-Кулжа айылдык Кенешинин туруктуу комиссияларынын 2018- жылга иш-планын өз убагында аткаруусун камсыздоо жагы туруктуу комиссияларынын төрагаларына, орун басарларына, катчыларына жана мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |
Айылдык кенешинин алтынчы сессиясынын жыйналышынын
(VI- шайланган) 06.03.2018-жыл №6/2 токтомуна №1 тиркеме
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин 2018-жылга түзүлгөн ИШ ПЛАНЫ
Депутаттардын айылдык Кенешинин сессиясынын жыйналыштарында каралуучу маселелер:
Айылдык кенешинин кезектүү жетинчи сессиясынын жыйналышында каралуучу маселелер:
1. Калктуу конуштарда катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгуу жана жок кылуу багытында “Кара-Кулжа Тазалык” МИнын иштеринин абалы жөнүндө.
2. “Санитардык күндүн” аткарылышынын абалы жөнүндө
2018-жылдын апрель айы
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин курулуш, транспорт, өнөр жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясы.
3. Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алууда ИДНдин иштери жөнүндө.
2018-жылдын апрель айы
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия
4. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
5. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-жыл бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 1-кварталынын аткарылышынын абалы жөнүндө.
2018-жылдын апрель айы
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери.
6. Социалдык имараттардын курулуштарына жана көрүстөнгө бөлүнгөн жер аянттарынын бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформация) иштеринин абалы жөнүндө.
7. Кооптуу аймактарда жашап жаткан тургундарга турак үй курууга жер аянттарын чечип берүү маселеси боюнча айыл өкмөтүнүн жер адистеринин аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө.
2018-жылдын апрель айы
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы.
8. Учурдагы кечиктирилгис маселелер жонундо ( туруктуу комиссиялар).
2. Айылдык кенешинин кезектүү сегизинчи сессиясынын жыйналышында каралуучу маселелер:
1. Үй-бүлөлүк жана өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктарды алдын алууда социалдык педагогдордун, КААБ мүчөлөрүнүн, МАЫӨнүн жана ИДНдин иштеринин абалы жөнүндө.
2018-жылдын июль айы
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясы.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-жыл бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2-кварталынын
аткарылышынын абалы жөнүндө.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешесин толтурууда, киреше булактарын изденип табууда жер адистеринин,
салыкчылардын , финансы-экономикалык бөлүмүнүн иштеринин абалы жөнүндө.
2018-жылдын июль айы
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери.
3. Автобазанын паркына автобекет уюштуруу иштеринин абалы жөнүндө.
2018-жылдын июль айы
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин курулуш, транспорт, оноржай, соода, ишкердуулук, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетуу боюнча туруктуу комиссиясы.
4. Айылдык Кенеши тарабынан кабыл алынган алтынчы жана жетинчи сессияларынын токтомдорунун аткарылышынын абалы жөнүндө.
5. Айыл өкмөтүндө ирригациялык иштеринин абалы жөнүндө.
2018-жылдын июль айы
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы.
7. Учурдагы кечиктирилгис маселелер жонундо ( туруктуу комиссиялар).
3. Айылдык кенешинин кезектүү тогузунчу сессиясынын жыйналышында каралуучу маселелер:
1. “Кара-Кулжа Таза Суу” МИнын иштеринин абалы жөнүндө
2. Мамлекеттик автоинспекциясынын (ГАИнин) аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө.
2018-жылдын сентябрь айы
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин курулуш, транспорт, оноржай, соода, ишкердуулук, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетуу боюнча туруктуу комиссиясы.
3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-жыл бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 3-кварталынын аткарылышынын абалы жөнүндө.
3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө .
5. Муниципалдык менчикти эффективдуу башкаруу, инвентаризациялоо жана ижарага беруу багытында аткарылып жаткан иштеринин абалы жонундо.
2018-жылдын сентябрь айы
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин социалдык- маданий, билим беру, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери.
4. Айыл аймагында саясий партияларынын жана дин иштери боюнча аткарылып жаткан иштеринин абалы жөнүндө.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын уставдарынын мыйзамдуулугун кароо жөнүндө.
2018-жылдын сентябрь айы
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясы.
6. Учурдагы кечиктирилгис маселелер жонундо ( туруктуу комиссиялар).
4. Айылдык кенешинин кезектүү онунчу сессиясынын жыйналышында каралуучу маселелер:
1. “Кара-Кулжа Тазалык” МИнын 2018-жылдын жыйынтыгы менен иштеринин абалы жөнүндө.
2. “Кара-Кулжа Таза Суу” МИнын 2018-жылдын жыйынтыгы менен иштеринин абалы жөнүндө
2018-жылдын декабрь айы
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин курулуш, транспорт, оноржай, соода, ишкердуулук, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетуу боюнча туруктуу комиссиясы.
3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-жыл бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 4-кварталынын аткарылышынын абалы жөнүндө.
4. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө .
5. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин долбоорун түзүү жөнүндө.
2018-жылдын декабрь айы
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин социалдык- маданий, билим беру, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери.
6. Айылдык Кенешинин депутаттарынын этикасы жөнүндө.
2018-жылдын декабрь айы
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясы.
7. Дыйкан чарба жана фермердик чарбалардын жер аянттары тактоо жөнүндө.
2018-жылдын декабрь айы
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы.
8. Айылдык Кенеши тарабынан кабыл алынган сегизинчи жана тогузунчу сессияларынын токтомдорунун аткарылышынын абалы жөнүндө.
9. Кара-Кулжа айылдык Кенешинин 2019-жылга ИШ ПЛАНЫ жөнүндө.
10. Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин кошмо комиссияларынын аткарган иштеринин абалы жонундо.
2018-жылдын декабрь айы
Айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А. Мойдунова