Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-марты № 6/3
“Жергене” таштанды төгүлүүчү жер аянтынын абалы боюнча депутаттык комиссиянын билдирүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 11 -“Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноо, ташып кетүү жана керектен чыгарууну уюштуруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана “Жергене” таштанды төгүлүүчү жер аянтынын абалы жөнүндө түзүлгөн 02.02.2018-жылда түзүлгөн депутаттык комиссиясынын АКТсын угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Жергене” таштанды төгүлүүчү жер аянтынын тегерегин тосууга айыл өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 130 000 (бир жүз отуз миң ) сом акча каражаты талапка ылайык иштетилбей иштин көлөмү толук аткарылбагандыгы , зым-тордун бийиктиги жана сапаты талапка жооп бербегендиги белгиленсин.
2. “Жергене” таштанды төгүлүүчү жердин айлана-тегерегин тартипке келтирүү, тазалоо жана катуу тиричилик калдыктарын жок кылуу жолго коюлбагандыгы эске алынсын.
3. “Жергене” таштанды төгүлүүчү жердин чыгыш тарабындагы агын суу өтүүчү арыкка сапатсыз латок -бетону куюлгандыгы көрсөтүлсүн.
4. “Жергене” таштанды төгүлүүчү жерди тосууга, латок курууга эсептөөлөрү боюнча иштин көлөмү аткарылбагандыгы үчүн “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) директору А. Жороевге чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.
5. “Жергене” таштанды төгүлүүчү жердин батыш тарабындагы үлүш кайракы айдоо жер аянттан топурак уруксаты жок казылып, жер кыртышы бузулуп жаткандыгы белгиленсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А. Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |