Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-марты № 6/4
“Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) уставына өзгөртүү, толуктоо киргизүү, штаттык бирдигин, эмгек өлчөмдөрүн жана 2018-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 8 -“Жергиликтүү жааматтын уставын бекитүү жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 4 -“Жергиликтуу салыктарды, жыйымдарды жана женилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) директору А.Жороевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.“Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) уставына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жактырылсын (устав тиркелет).
2.“Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) 2018-жылга карата иш-планы бекитилсин (иш план тиркелет)
3.“Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) штаттык бирдигин төмөнкү курамда бекитилсин :-
1. “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) директору.
2.“Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана жарыктандыруу менеджменти.
3. “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) бухгалтери.
4. Контролер - 4 (төрт) штат.
5. Жумушчу - 4 (төрт) штат. 6. Көчө тазалоочу- 3 (үч) штат.
7. Авто-унаа айдоочулар - 3 (үч) штат (айдоочу, тракторист, сүрүүчү (погрузчик)).
8. Күзөтчү - 2 (эки) штат.
9. Электрик -1 (бир) штат. 10.Бөлмө жыйноочу (тех.персонал) –1 (бир) штат.
4. “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) жумушчуларынын эмгек акысы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
5. “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) 2018-жылга карата бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тикелет).
6. Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексин, Кыргыз Республикасынын 29.04.2002-жыл № 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндөгү” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.05.2011-жыл № 224 “Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу жөнүндөгү типтүү” Жобонун талаптарын аткаруу жагы “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) директору А.Жороевге милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |