Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-марты № 6/5
Биймырза айылындагы К.Момбеков көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган совхоздун имаратын мамлекеттик расмий тил багытында бала бакча курулушуна кайра курууга (реконструкция) уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенештин депутаты А.Токтомушовдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Биймырза айылындагы К.Момбеков көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган совхоздун имаратын мамлекеттик расмий тил багытында бала бакча курулушуна кайра курууга (реконструкция) жана ондоого уруксат берилсин.
2. К.Момбеков көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган совхоздун имараты мамлекеттик расмий тил багытында бала бакча курулушуна кайра куруу (реконструкция) ондоо иштеринин сметасын эсептөө жагы Биймырза айылынын айыл башчысы С.Кудайбердиевге жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн сатып алуулардан экономдолгон акча каражатынан К.Момбеков көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган совхоздун имараты мамлекеттик расмий тил багытында бала бакча курулушуна кайра куруу (реконструкция) ондоо иштерине акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. К.Момбеков көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган совхоздун имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу колдонууга жарактуулугу бала-бакчаны реконструкциялоодон кийин санитардык жана бала –бакча талаптарга жооп бере тургандыгы, жер аянтчасы талапка жооп берилиши жөнүндөгү Өзгөн шаары, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынан корутунду даярдатуу жагы Биймырза айылынын айыл башчысы С.Кудайбердиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А. Мойдуновага тапшырылсын.
Төрага | Б. Саипов |