Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-марты № 6/7
“Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) 2018-жылга карата кызмат көрсөтүү төлөмдөрүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 4 -“Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана женилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) 2018-жылга карата кызмат көрсөтүү төлөмдөрүнүн тарифтери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.“Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан Кара-Кулжа айыл аймагынан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи төмөнкү тартипте бекитилсин:-
Тургундар үчүн ар бир кожолукка бир айына – 40 (кырк) сом өлчөмүндө;
Жашоо шарты оор тургундар үчүн ар бир кожолукка бир айына – 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө;
Мекеме-уюмдар үчүн ар бир кызматкерге бир айына – 15 (он беш) сом өлчөмүндө;
Комерциялык ишканалар үчүн метр квадратына бир айына – 3 (уч) сом өлчөмүндө;
2. “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштанды таштоочу жайын (полигон) иретке келтирүү максатында таштанды таштоочу жайга кирүүчү автоуналардан төмөнкү тартипте акы алынуусуна макулдук берилсин:-
-Женил автоунаалардан – 100 (жүз) сом өлчөмүндө:
-Лабо автоунаалардан – 150 (жүз элүү) сом өлчөмүндө:
-Портер автоунааларынан – 250 (эки жүз элүү) сом өлчөмүндө:
-Трактор, КАМАЗ, ЗИЛ жана башка оор жүк ташуучу автоунаалардан – 350 (үч жүз элүү) сом өлчөмүндө:
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |