Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-марты № 6/8
Кара–Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” мыйзамын жетекчиликке алып жана Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндөгу маалыматты угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджети 2017-жылга кирешеси 55.162.400 сомду түзгөндүгү, 38.166.878 сомго аткарылгандыгы жана 16.995.522 сом акча каражаты 2018-жылга калдык болуп өткөндүгү белгиленсин.
2. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн ачыктык, айкындуулук, натыйжалуулук принциптери жөнүндө айыл өкмөтүндө маалымат бурчтарын уюштууру, бюджеттин диограммалык, графикалык жана таблицалык көрсөткүчтөр менен жабдуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Турдубай уулу Тилекке жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын 29.04.2002-жыл № 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндөгү” мыйзамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин талаптарын аткарууну камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Турдубай уулу Тилекке тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |