КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2018-жылдын 6-марты № 6/9
Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин 16 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү главасынын №78 “Жергиликтүү кенештеринин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 2,3,4-бөлүкчөлөрүнө жана №79 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 2,3-бөлүкчөлөрүнө жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесинин 2 “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кенешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылга карата киреше, чыгаша бөлүктөрү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап депуттардын Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара–Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылга карата киреше бөлүгү тиркемеге ылайык 38.056.200 сомго бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Кара–Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылга карата чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык 38.056.200 сомго бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Кара–Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-жыл бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн аткарууда Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексин, Кыргыз Республикасынын 29.04.2002-жыл № 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндөгү” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.05.2011-жыл № 224 “Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу жөнүндөгү типтүү” Жобонун талаптарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Турдубай уулу Тилекке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А. Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага |
Б. Саипов |