Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2018-жылдын 6-марты № 6/10
Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан 1-Май айылындагы кооптуу жер көчкү коркунучунда жашаган тургундарга, коопсуз жерге көчүрүп, турак үй курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.04.2004-жылдагы № 289 токтомунун 3-“Кооптуу участоктордо жашаган үй-бүлөлөрдү коопсуз жерлерге көчүрүп чыгуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жүктөлгөндүгү жөнүндүгө” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндөгү” Кодексинин 4-беренесинин 3 -“Айылдык аймактын чектериндеги жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелиниши жөнүндөгү” бөлүмчөсүн эске алып жана кооптуу участоктордо жашаган, жер көчкү коркунучундагы 1-Май айылындагы 20 (жыйырма) үй бүлөөлөрдүн коопсуз жерлерге көчүрүп чыгуу жана турак үй курууга 0.6 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн 2-март 2018-жылдагы № 55 сунушун угуп жана талкуулап депуттардын Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министирлигинин мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин 25.01.2018-жыл №03-04/55 “Айыл өкмөттүн аймагындагы 2002-жылдан 01.01.2018-жылга чейин коопту аймакта жашаган 13 үй бүлөөнү коопсуз аймактарга көчүрүү жөнүндөгү” атайын эскертмесин жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министирлигинин мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин 06.05.2017-жыл №__ “ Айыл аймагынын башчылыгына коопсуз түзүлгөн кырдаалды ошол жердин инжинердик-геологиялык климаттык сейсмикалык жана башка табигый шарттарды эске алып кооптуу аймакта жайгашкан үй ээлери менен үй- бүлөөлөрүн коопсуз жайларга көчүрүү сунушу жөнүндөгү ” корутундусунун негизинде, 1-Май айылындагы калктуу конуштагы 1.74 га жер тилкесинен, кооптуу участоктордо жашаган жер көчкү коркунучундагы 1-Май айылындагы 20 (жыйырма) үй- бүлөөлөргө турак үй курууга 600 м.кв. жер аянт өлчөмүндө бөлүнүп берилсин.
2. 1-Май айылындагы 20 (жыйырма) үй-бүлөөлөрдү коопсуз жерлерге көчүрүп чыгууга бөлүнүп берилген 1.20 га жер аянтынын архитектуралык пландоо шарттарын түзүү (АПУ) жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жана жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы боюнча адиси Кадыр уулу Тыныбекке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага |
Б. Саипов |