Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2018-жылдын 6-марты № 6/11
Биймырза айылындагы аты жок көчөгө Эргешов Адандын ысмын жөнүндө
Кара –Кулжа айылдык Кенешинин 23.04.2014-жыл № 8/2 “ Билим, маданый жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу боюнча жобосу жөнүндөгү” токтомуна ылайык жана Биймырза айылындагы аты жок көчөнүн тургундарынын 05-январь 2018-жыл № 1 “Биймырза айылындагы аты жок көчөгө (маркум) А.Эргешовдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгу” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Биймырза айылындагы аты жок көчөнун тургундарынын 05-январь 2018-жыл № 1 “Биймырза айылындагы аты жок көчөгө (маркум) А.Эргешовдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечимдин негизинде, Биймырза айылындагы аты жок көчөгө (маркум) Эргешов Адандын ысымы ыйгарылсын.
2. Биймырза айылындагы Эргешов Адан атындагы көчөгө көрнөктөрдү, турак үйлөрдүн катар санын илдирүү жана жолду жарыктандыруу, шарттарын жакшыртуу жагы Эргешов Дооронбекке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Биймырза айылынын айыл башчысы С.Кудайбердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |