Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2018-жылдын 6-марты № 6/12
Сары –Камыш айылындагы эски мектепке караштуу жер аянтынан жаны бала бакча жана ФАП курулушуна жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, Сары –Камыш айылындагы ФАП курулушуна жер бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн 02.03.2018-жыл № 56 сунушун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Сары –Камыш айылындагы эски мектепке караштуу жер аянтынан жаны бала бакча жана ФАП курулушуна 2441.25 м.кв. жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Жаны бала бакча жана ФАП курулушунун АПУ сун жана курулуш долбоорун даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жана айыл өкмүтүнүн жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы боюнча адиси Кадыр уулу Тыныбекке жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |