Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2018-жылдын 6-марты № 6/13
Кара–Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетинин калдык акча каражатын бөлүштүрүлүшүн бекитүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 03.02.2018-жыл №1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетинин калдык акча каражаты төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:-
- 1-Май айылындагы А.Юсупов атындагы орто мектебине кошумча спорт зал курууга -5 950 000сом,
- Кара-Кулжа айылынын Жээнбеков –Калматаев көчөлөрүнүн кесилишине светофор орнотууга -600 000 сом,
- Айыл өкмөтүнүн карамагына транспорт (погрузчик) сатып алууга – 3 200 000 сом ,
- Сары-Камыш айылындагы К.Ормокеев атындагы орто мектебине ажааткана курууга -550 000 сом ,
- 1-Май айылындагы Субан уулу Алмас атындагы орто мектебинин жылытуу системасын толугу менен оңдоого, жаңылоого -1 000 000 сом ,
- Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн карамагындагы айылдарынын ички көчөлөрүн жарыктандырууга – 1 360 000 сом ,
- Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сары –Камыш,1-Май жана Биймырза айылдарына жаңыдан курулуучу бала –бакчаларга өздүк салым – 1 000 000 сом ,
- Кара –Кулжа айыл аймагындагы С.Көкөев атындагы балдар бакчасына инвентарь алууга -494 000 сом,
- ЧП Эргешов Замир шагыл төгүүгө- 200 000 сом ,
- 1-Май айылындагы Токтогул атындагы орто мектебине суу киргизүүгө- 38 000 сом ,
- Арис долбоорунан келүүчү техникаларга өздүк салым- 1 912 500 сом ,
- Айылдык кеңешинин депутаттарга орх.техникасына (компьютер, принтер) жана башка чыгымдарына 100 000 сом ,
- Биймырза айылындагы чеберлер үйүнө жана ремонтуна 300 000 сом ,
- Гендердик тенчиликке байланыштуу “Зордук зомбулукка каршы күрөшөбүз” аттуу иш чараларды өткөрүүгө 100 000 сом ,
- Кара –Кулжа, Биймырза, 1-Май , Сары –Камыш айылдарын көрктөндүрүп, жашылдандыруу үчүн 1 000 000 сом,
- Ген. планга бөлүнгөн 1 124 000 сом акча каражатынан, Нооруз майрамына 380 000 сом жана аялдардын Эл аралык майрамына карата 60 000 сом С.Көкөев балдар бакчасына 229 800 сом жана А.Максүтов көчөсүндөгү № 24-26 артезиан кудугун ондоого 548.000 сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |