Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2018-жылдын 6-марты № 6/14
Т.Абакиров атындагы стадиондун кароолчусунун эмгек акысын, стадиондун тегерегиндеги жана ичиндеги сатылып кеткен жерлерди кароо жөнүндө
Т.Абакиров атындагы стадиондун кароолчусунун эмгек акысын, стадиондун тегерегиндеги жана ичиндеги сатылып кеткен жерлерди кароо жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Т.Абакиров атындагы стадиондун кароолчусунун эмгек акысын чечип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жана айыл өкмөтүнүн финансы-эконмикалык бөлүмдүн башчысы Турдубай уулу Тилекке тапшырылсын.
2.Т.Абакиров атындагы стадиондун тегерегиндеги жана ичиндеги сатылып кеткен жерлердин мыйзамдуулугун карап чыгуу жагы Кара-Кулжа айылдык Кенешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сөлпүев Дөөлөтбайга, депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исраилов Мирбек Акбаровичке жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге, жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы боюнча адиси Кадыр уулу Тыныбекке жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |