Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2018-жылдын 6-марты № 6/16
Биймырза айылындагы чеберчилик менен алектенген тургундарга иш орундарын түзүүгө көмөк көрсөтүүгө жана Р.Абдыкадыров музыкалык мектебинин имаратын капиталдык оңдоого акча каражатын чечүү жөнүндө
Биймырза айылындагы чеберчилик менен алектенген тургундарга иш орундарын түзүүгө көмөк көрсөтүү, Р.Абдыкадыров музыкалык мектебинин имаратын капиталдык оңдоо боюнча маалыматтарды угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Биймырза айылындагы чеберчилик менен алектенген тургундарга иш орундарын түзүүгө көмөк көрсөтүү багытында документтери таризделсин жана ишкерлердин күбөлүктөрүнүн негизинде патенти караштырылсын, ошондой эле чеберчилик үйдүн техникалык абалы боюнча корутунду даярдалсын.
2.Р.Абдыкадыров музыкалык мектебинин имаратын капиталдык оңдоого акча каражатын чечүү маселеси Кара-Кулжа айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (М.Исраилов) тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |