Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2018-жылдын 6-марты № 6/18
Кара-Кулжа айылынын Сай учаскасындагы Ат-майдандын (ипподром) батышында жайгашкан мурунку мал базарды, ишкерлерге жакшы шарттарды түзүп кайрадан мал базар уюштурууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 15- “Ишкердикти мамлекеттик колдоо мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын компетенцияларына ылайык, ал үчүн ынгайлуу уюштуруучулук жана экономикалык шарттарды түзүү жолу менен, ишкердикти өнүктүрүүнүн ченемдик укуктук жана мыйзам базасын өркүндөтүү жөнүндөгү” беренесин жетекчиликке алып жана 1-Май айылынын 93 (токсон үч) -тургундарынын жана Биймырза айылынын 65 (алтымыш беш)-тургундарынын 2018-жыл 2-мартта жазылган “Кара-Кулжа айылында жайгашкан Сай учаскасындагы Ат-майдандын (ипподром) батышында жайгашкан мурунку мал базарды, кайрадан мал базар уюштурууга уруксат берүү жөнүндөгү” өтүнүч каттарын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кулжа айылынын Сай учаскасындагы Ат-майдандын (ипподром) батышында жайгашкан мурунку мал базарды, ишкерлерге жакшы шарттарды түзүп кайрадан мал базар уюштурууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-жыл № 201 "Тамак аш азыктарын дүң жана чекене сатуу жана коомдук тамак-аш имараттарына коюлган санитардык- эпидемиологоялык талаптардын ченемдерине жана эрежелерине ылайык иш алып баруу жөнүндөгү” токтомун аткаруу жана катуу тиричилик калдыктарын жок кылуу, тазалыкты камсыздоо жагы мал базардын жетекчисине жана жеке ишкерлерге милдеттендирилсин.
3. Мурунку мал базарды, кайрадан мал базар уюштурууга кыймылсыз мулк ээси Ж.Жээнбековдон макулдук каты эске алынсын.
4. Ишкерлерге жакшы шарттарды түзүп кайрадан мал базар уюштурууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жеке ишкерлер көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |