Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2018-жылдын 6-марты № 6/19
Кара-Кулжа айыл аймагы менен Ылай-Талаа айыл аймагынын, Кара-Кулжа айыл аймагы менен Кара-Гуз айыл аймагынын жана Кара-Кулжа айыл аймагы менен Кара-Кочкор айыл аймагынын чек арасындагы талаш маселелер жөнүндө
Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын 26.01.2018-жыл № 12 “Айыл аймактардын чек ара боюнча талаш маселени айылдык кенешке сунуштап, чечип, бекитүү жөнүндөгү” катын жана айыл өкмөтүнүн 30.01.2018-жыл № 27 сандуу сунушун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кулжа айыл аймагы менен Ылай-Талаа айыл аймагынын, Кара-Кулжа айыл аймагы менен Кара-Гуз айыл аймагынын жана Кара-Кулжа айыл аймагы менен Кара-Кочкор айыл аймагынын чек арасындагы талаш маселелер бар экендиги белгиленсин.
2. Кара-Кулжа айыл аймагына тийешел\\ мал базардын жер аянты жөнүндөгү ченемдик укуктук актыларды жана башка документтерин тариздеп, депутаттардын Кара –Кулжа айылдык Кенешинин кезектеги сессиясына сунуштоо жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.
3. Кара-Кулжа айыл аймагынын чек арасындагы талаш маселелер боюнча кабыл алынган токтомдордун түп нускасынын жана башка архивдик документтерди, карта-схемаларды даярдап Ош облустук райондор аралык сотуна кайрылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жана айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (М.Исраилов) жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |