Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2018-жылдын 6-марты № 6/20
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарда аракечтиктен келип чыккан койгойлор аялдарга, балдарга, өспүрүмдөргө, үй-бүлөө мүчөлөрүн зордук зомбулуктун алдын алуу, спирттик ичимдиктерди сатууга мезгилдик чектөөлөрдү киргизүү, спирттик ичимдиктер сатылган дүкөндөргө мониторинг жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 24- “Ишкер сатып өткөргөн продукциялар керектөөчүнүн өмүрүнө, ден-соолугуна коопсуз болууга, шайкеш сертификат күтүүгө, сатылып жаткан товарга так, толук маалымат болууга тийиш экендиги жөнүндөгү” беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын 25.06.2005-жыл № 82 “Укук бузууларды алдын алуу жөнүндөгү” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.10.2015-жыл № 747 “Коомдук алдын алуу борборунун уставы жөнүндөгү” токтомун, айылдык кенеши 20.01.2016-жыл № 20\4 токтому менен бекитилген КААБдын Уставынын 6,7,8,9,10 - бөлүмчөлөрүн эске алып, 23.02.2018-жылы 1-Май айылынын, 01.03. 2018-жыл Биймырза айылынын тургундарынын элдик жыйындын “Аракечтикти тыюу, ичкилик сатылган дүкөндүргө мониторинг жүргүзүү, айыл жеринде спирттик ичимдиктерди сатууга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндөгү” протоколдук чечимдерин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Кулжа, 1-Май, Биймырза жана Сары-Камыш айылдарында спирттик ичимдиктерди 23-00 сааттан кийин сатууга чектөө киргизилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы дүкөндөрдүн баардыгына мониторинг жүргүзүлсүн, мониторинг жүргүзүүгө муиципалдык кызматкерлер, айылдык кенештин депутаттары, КААБ мүчөлөрү, УДТ мээрбандары, мектеп жетекчилиги, салык кызматынын инспекторлору, СЭС кызматкерлери, коомдук жарандар, милициянын атайын ыйгарымдуу өкүлдөрү тартылсын.
3. Жашы 18-жашка толо элек өспүрүмдөргө спирттик ичимдиктер сатылбасын, сатууга жол берген жеке ишкерлердин жоопкерчилиги суралсын.
4. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарда аракечтиктен келип чыккан көйгөйлөр аялдарга, балдарга, өспүрүмдөргү, үй-бүлөө мүчөлөрүнө зордук зомбулуктун алдын алуу иштерин жакшыртуу багытында буклеттерди жасоо, жарнамаларды илдирүү, банерлерди даярдоо жана коомдук угууларды уюштуруу жагы Коомдук алдын алуу борборуна (КААБ) жүктөлсүн.
5. Аракечтиктин ден-соолукка зыяндуулугу жөнүндө айыл башчылар, УДТ мээрбандары, мектеп жетекчилиги түшүндүрүү иштерин жандандырсын.
6. Аракеч, спирттик ичимдитерди көп ичкен тургундардын тизмесин, жашаган дарегин жана байланыш телефондорун тактоо, социалдык педогогторго жана айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча башкы адиси Т.Эргешовго тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |