Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2018-жылдын 6-марты № 6/21
“Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын (МИ) 2018-жылгакарата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн, кызмат көрсөтүү төлөмдөрүнүн тарифтерин жана штаттык бирдигин, эмгек өлчөмдөрүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 4 -“Жергиликтуу салыктарды, жыйымдарды жана женилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын (МИ) 2018-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн, кызмат көрсөтүү төлөмдөрүнүн тарифтерин жана штаттык бирдигин, эмгек өлчөмдөрүн бекитип берүү жөнүндөгу “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын директору М.Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.“Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишкананын 2018-жылга карата иш-планы бекитилсин (ищ план тиркеме тиркелет).
2.“Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2018-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 3.231.000 сомго жана чыгаша бөлүгү 3.231.000 сомго бекитилсин.
3. 2018-жылга карата суу керектөөчүлөрдүн таза-суу пайдалануу үчүн тарифтеринин өлчөмү 1-Май айылы боюнча көчөдөн пайдалангандар 10 (он) сомдон, короосунан пайдалангандар 15 (он беш) сом бир адамга, Кара-Кулжа, Биймырза айылдары үчүн көчөдөн пайдалангандар 12 (он эки) сомдон, короосунан пайдалангандар 20 (жыйырма) сом бир адамга бекитилсин.
4.Айыл аймагында мамлекеттик бюджетинин эсебинде турган мекеме-уюмдарга күндөлүк керектөөчүлөрү үчүн (жууп тазалоо ж.б.) бир айына 1 м3 суу үчүн 14 (он төрт) сом 21 тыйын жана коммерциялык ишканалар үчүн бир айына 1 м3 суу үчүн 27 (жыйырма жети) сомдон түзүлгөн келишимдерге ылайык төлөө тарифи киргизилсин.
5.“Кара-Кулжа Таза- Суу” муниципалдык ишканасынын (МИ) штаттык бирдигин төмөнкү курамы жана эмгек акыларынын өлчөмү бекитилсин :-
1. “Кара-Кулжа Таза- Суу ” муниципалдык ишканасынын директору, эмгек акы 13.000 сом
2. “Кара-Кулжа Таза- Суу ” муниципалдык ишканасынын бухгалтери, эмгек акы 11.000 сом
3. Контролер - 6 (алты) штат, эмгек акы ар бир штат бирдигине 5.000 сом
4. Оператор, күзөтчү, электрик - 1 (бир) штат, эмгек акы 8.000 сом
5. Күзөтчуү - 3 (үч) штат, эмгек акы ар бир штат бирдигине 3.170 сом
6. Сантехник - 3 (үч) штат, эмгек акы ар бир штат бирдигине 8.000 сом
7. Эксковаторшик- айдоочу - 1 (бир) штат, эмгек акы 9.000 сом
8. Ширетүүчү -1 (бир) штат, эмгек акы 9.000 сом
6.Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексин, Кыргыз Республикасынын 29.04.2002-жыл № 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндөгү” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.05.2011-жыл № 224 “Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу жөнүндөгү типтүү” Жобонун талаптарын аткаруу жагы “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын директору М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |