Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2018-жылдын 6-марты № 6/22
Биймырза айылындагы жер көчкү коркунучунан көчүрүлгөн тургундардын жер аянтынын оордуна жаштарга ден-соолугун чындоого шарттарды түзүү максатында, улуттук спорт оюну Улак чабууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 10 -“Парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешип камсыз кылуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Биймырза айылында өткөрүлгөн элдик жыйындын 24.02.2018-жыл № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Биймырза айылында өткөрүлгөн элдик жыйындын 24.02.2018-жыл № 1 “Беш-Беш улак чабууга жер аянтын чечип берүү жөнүндөгү” протоколдук чечимине ылайык, жер көчкү коркунучунан көчүрүлгөн тургундардын жер аянтынын оордуна жаштарга ден-соолугун чындоого шарттарды түзүү максатында, улуттук спорт оюну Улак чабууга жер аянты бөлүнүп берууго макулдук берилсин.
2. Улуттук спорт оюну Улак чабууга жер аянты жөнүндөгү ченемдик укуктук актыларды жана башка документтерин даярдап берүү жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |