А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2018-жылдын 3-февралы № 13-1
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, «Шайлоо комиссияларынын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү», «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш алыпбаруунун тартиби жөнүндөгү» жоболордун талаптарына ылайык Мирмахмудов айыл аймагындагы Беруний орто мектебинин 2018-жылдын 15-январындагы №1 сунуш кылынган протоколундагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерди талкуулап көрүп, Мирмахмудов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерди сунуш кылган Беруний атындагы орто мектебинин 2018-жылдын 15-январындагы протоколун бекитүү менен аталган аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Мирмахмудов айыл аймагынын тургуну Мамажанова Гулбахар Мамарасуловнаны талапкерликке сунуш кылынсын.
2. Токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Төрага | И. Исмаилов |