Загрузка документа…
А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралы № 13-2
А. Мирмахмудов айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн биргелешкен аракеттер планын , демилгечи топ жана биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамын бекитип берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүндө 2017- жылда Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс » долбоору боюнча ЖМБА сессиялары өткөрулдү. Бул долбоордун алкагында А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2018- жылдын 24 – январындагы № 13-буйругунун негизинде , айылдык аймакдагы көйгөйлүү маселелерди аныктоо боюнча жана артыкчылык берилген көйгөйлүү маселелерди 2018- 2019- жылдарга биргелешкен аракеттер планын киргизүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Айыл өкмөтү тарабынан жумушчу топтун жергиликтуу жамааттар менен биргеликте иштеп чыккан биргелешкен аракеттер планын (БАП) бекитип берүү сунушталган. А. Мирмахмудов айылдык Кенеши 2018-2019- жылдарга түзүлгөн биргелешкен аракеттер планын (БАП) көрүп чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жумушчу топтун жергиликтуу жамааттар менен биргеликте иштеп чыккан 2018- 2019- жылдарга биргелешкен аракеттер планы (БАП) бекитилсин.
2. Биргелешкен аракеттер планы (БАП) А. Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2018-2022- жылдарга түзүлгөн социальдык-экономикалык өнүгүү программасынын бир бөлүгү болуп киритилсин.
3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун жана демилгечи топтун курамы бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
4. Ушул токтомду көзөмөлдө жагы А. Мирмахмудоа айыл Кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Төрага | И. Исмаилов |
БЕКИТЕМИН
А.Мирмахмудов Айылдык Кенешинин
торагасы: _____________ И. Исмоилов
Жергиликтуу жамаат менен А. Мирмахмудов айыл аймагынын ЖОБ органдарынын 2018-2019 жылдар мезгилине
БИРГЕЛЕШКЕН АРЕКЕТТЕР ПЛАНЫ
Багыты: Социалдык маселе
Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: Чапаев айылындагы «Келечек үмүттөрү» балдар бакчасында мектепке чейинки жаштагы балдардын тарбиясына шарттын жетишпестиги.
Чапаев айылында мектепке чейинки жаштагы балдардын саны 1500 га жакын. Айылда 60 орундуу бир гана бала бакчада 60 бала тарбияланууда. Айылда дагы орточо 9-10 балдар бакчасына муктаждык бар, бырок айылдык аймак дотацияда отургандыктан азыркы убакытта жаны балдар бакчасыны курууга мумкунчулук жок. Акырки мезгилде мектепке чейинки билим берүү төмөндөп кеткенине иштеп жаткан балдар бакчаларындагы шарттын начарлиги дагы себеп болуп турат.Мектепке чейынки жаштагы балдарди балдар бакчалари менен камсыз килууго балдар бакчалары жетышпейт, натыйжада калган балдар көчөдө, кир жерлерде ойношуп, ар түрдүү оорулар менен ооруп, ар турду кырсыктарга дуушар болууда . Ата-энелер , айрыкча энелер балдарынан артпай , үй-бүлө экономикасы томондоп кетуусун натыйжасында элдын жашоо дэнгеелин көтөрүүгө мүмкүнчүлүктөрүн жоготууда. Айыл балдари убагында керектуу таалим- тарбия алалбай калгандыктан, келечек муундун мумкунчулуктору чектелып , башка айыл балдарынан айырмаланып билим дэенгели төмөндөп кетүүдө. Мектепке келгенде бул айылдын балдарынын билим дэнгели 2 эсе начар экени корунуп , айырмаланып калууда. Бул көйгөй убагында чечилбесе, элдин айыл өкмөтүна болгон ишеними төмөндөйт, келечегибиз болгон балдардын билим алуу укугу бузулат.
Бенефициарлар: Кайыр турдө А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылынын 9447 жашоочулары. Алардын ичинде 4591 эркек жана 4856 аял. Түздөн – түз пайда коруучулар – С. Азимов атындагы көчөнүн 520 тургундары. Анын ичинен бакча жашындагы балдар – 60.
| Максаты
| Тапшырмалар Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөт төр | Каржылоо (сом менен) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | |||
Жергиликтуу бюджет | донор | элдик салым | Башкалар | |||||||
| Мирмахмудов айыл аймагындагы Чапаев айылындагы мектепке чейинки жаштагы балдардын билимин жогорулатууга көмөк көрсөтүү.
| 1-тапшырма. Жумушчу топ менен биргеликте Чапаев айылында балдар бакчасын шартын ондоога кете турган иш-кагаздарын даярдоо: -Балдар бакчасына кошумча имараттар (ашкана жана ажаткана ) курууга а/ө нүн токтому; - АПШ; - ПСД. | Чапаев
| Январь-Февраль 2018-ж. | 30 000 |
| 20 000 |
| - АӨ башчысы - Айыл башчылар - АӨ ФЭБ башчысы -Айылдык Кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, өнөр жай-энергетика, жаратылышты коргоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү - ДТ лидери -Жамааттардын лидерлери | А\Ө токтомдору кабыл алынди, Райархитектурадан АПШ жана ПСД даярдалды -100 кожолуктун ар биринен 200 сомдон акча топтоо боюнча чечим кабыл алынды ;
|
2-тапшырма. Чапаев айылында балдар бакчасын кошумча имараттарды курууга жергиликтүү бюджеттен акча каражат кароо -Көйгөйдү чечүү үчүн кошумча булактарды табуу (Респ. дем берүүчү грант, донордук уюмдар, марофон, ашар, жеке ишкерлер ж.б.) | Чапаев
| Январь - февраль 2018-ж. |
|
|
|
| 2018 жылкы жергиликтуу бюджеттен 200 000 сом бөлүндү. АРИС, ПРООН, ж.б. уюмдарга проекттер даярдалды. -Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) не долбоор жөнөтүлдү;
| |||
3-тапшырма Чапаев айылындагы “Келечек умуттру” балдар бакчасына кошумча имараттар куруу
| Чапаев
| Май-Октябрь 2018-ж.
| 160 000 сом | 1 000 000 сом
|
|
| -Мирмахмудов айыл аймагынын Чапаев айылындаги балдар бакчасын шарты ондолуп,бардык талаптарга жооп берген балдар бакчасына айландырылди | |||
4-тапшырма. Балдар бакчасына кошумча имараттар курулуп, ишке түшурулгөндүгү боюнча маалыматтарды даярдоо жана элге таратуу: -Элдик жыйындар өткөрүү -Видео тасмалар тартып, элдерге таратуу -Жергиликтүү газетадан маалымат берүү. -Маалымат тактачалары аркылуу. | Чапаев
| Ар дайым | 10 000 |
|
|
| -Айылда 2 жолу жыйындар өткөрүлдү. -Маалымат тактачалар даярдалып, ага малыматтар илинди. -Интернет аркылуу кылынган иштер жөнүндө видео маалымат таратылды. | |||
Багыты: Башка
Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын тургундарына бюджет боюнча маалыматтын түшүнүктүү жана жеткиликтүү эместиги.
Айыл аймакта жашаган элдердин жергиликтүү бюджет боюнча маалымат жетишсиз. ЖМБА сессияларын өткөргөн убагында 3 топтон бардыгы бюджет боюнча так маалымат айта алган жок. Элдин сөзүнө караганда айыл өкмөтү бюджет боюнча толук маалыматты элге жеткирбейт. Элдин сөзү боюнча жөнөкөй эл эмес, жергиликтүү депуттардын 50% бюджет боюнча толук тушунушбойт. Натыйжада, эл менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы ишеним төмөндөп кетүүдө.
Бенефициарлар: А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын 22 758 жашоочулары.
| Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөттөр | Каржылоо | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | ||||
Жерг.бюдж | донор | элдик салым | башкалар | ||||||||
| 2018-жылда Мирмахмудов айыл аймагынын тургундарына жергиликтуу бюджет боюнча тушунуктуу маалымат жеткирүүну уюштуруу
| 1-тапшырма. Жергиликтуу бюджет боюнча тушунуктуу маалыматты даярдоо. Ал үчүн: -тургундар кандай сапаттагы жана мазмундагы маалымат алуусун аныктоо; -изилдөөнүн жыйынтыгы менен тийиштүү маалыматтарды иштеп чыгуу (жарандык бюджет). | Айыл аймактын бардык айылдарында
| Февраль 2018-ж. |
|
|
|
| - АӨ башчысы - Айыл башчылар - АӨ ФЭБ башчысы -Айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, мүчөлөрү - ДТ лидери
| Айыл аймагынын 6 айылында маалымат такталары жасалып, керектүү инвентарлар алынды. | |
2-тапшырма. Жергиликтүү бюджет боюнча маалыматты маалымат такталарына жайгаштыруу: -Маалымат такталарын уюштуруу; -Жергиликтүү бюджет боюнча коомдук иш-чаралар жөнүндө массалык маалыматтык каражаттарынан билдирүү | Чапаев Барын Буудайлык Кара-Кохту Арал Капчыгай
| Март-Апрель 2018-ж. | 24 000 |
|
|
|
| Чапаев Барын Буудайлык Кара-Кохту Арал Капчыгай айылынын тургундары бюджет боюнча маалымат алат, айыл тургундар өздөрүнүн ой пикирлерин, сунуштарын айтышат | |||
3-тапшырма Жергиликтуу бюджет боюнча коомдук угуларды өткөрүү: -Кулактандырууларды даярдоо, коомдук жерлерге жана маалымат такталарына илүү; -Бюджет боюнча кыскача маалымат жазылган чакыруу кагаздарды даярдоо жана коомчулукка таркатуу; Коомдук угууларды өткөрүү | Чапаев Барын Буудайлык Кара-Кохту Арал Капчыгай
| Май-Август 2018-ж. | 30 000 |
|
|
|
| Айыл аймагынын тургундары жергиликтүү бюджет боюнча маалыматтарды алышат. Жергиликтүү бюджетке көйгөйлөрүн чечүү үчүн, өздөрүнүн сунуш, пикирлерин айтышат. |
| ||
4-тапшырма. Айылдык депутаттар жана Мирмахмудов айыл өкмөтү жылына бир – эки жолу эл менен жолугушуп, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берип туруу | Чапаев Барын Буудайлык Кара-Кохту Арал Капчыгай
| Ар дайым |
|
|
|
| Мирмахмудов айыл аймагынын ЖОБ органдары өз милдеттерин так аткарууда. Айыл аймагынын тургундарында айыл өкмөтүнө, айылдык депутаттарга ишеним пайда болот | ||||
| |||||||||||
Багыты: Инфраструктура
Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: А.Мирмахмудов айыл аймагында таза суунун жетишсиздиги.
А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын 35 пайыздан ашуун калкы (айрыкча жаңы конуштар) ичимдик сууга муктаж. Айрым участкаларда айыл тургундары ичимдик сууну алыстан ташып келүүгө аргасыз. Алыстан суу ташууга шарт жок болгондуктан, кээ бир учурларда арыктан аккан сууну, кудуктан чыккан грунтовый сууларды пайдаланышат. Мунун натыйжасында, айылдарда ичимдик суусуна байланышкан ар түрдөгү оорулар көбөйүүдө. Чапаев айылынын жогорку бөлүмүндө 1985-жылы чоң суу сактагыч (резервуар) курулган. Суу сактагычтагы суу 1000 ден артык кожолукка жетет. Бирок, 30-жыл ичинде трубалар эскирген, көп линиялары жараксыз абалга келген. Жаңы конуштарга суу сактагычтан линиялар тартылган эмес. Бул көйгөй убагында чечилбесе, жыл сайын ар түрдүү оорулар көбөйүп, элдин ден соолугуна терс таасирин көрсөтөт.
Бенефициарлар: А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын 22 758 жашоочулары.
| Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөттөр | Каржылоо (сом менен) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | |||
Жерг.бюдж | донор | элдик салым | башкалар | |||||||
| А. Мирмахмудов атындагы айыл аймакка караштуу Чапаев, Барын, Кара-Кохту, Капчыгай, Арал, Буудайлык айылдарынын бардык жашоочуларын 2018-жылда ичимдик сууга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо
| 1 – тапшырма. Көйгөйдү чечүү боюнча жумушчу топ менен таза сууга жетуу боюнча уюштуруу иштерин жургузуу: -Горводоканал жана артезиандык скважиналарды изилдоо боюнча ишканалар менен байланышуу жана анализдоо. -Мыйзамга ылайык керектелуучу келишимдер, иш-кагаздарды жонго салуу. | Чапаев, Барын, Кара-Кохту, Капчыгай, Арал, Буудайлык | 2018-ж. Январь-Февраль 2018-ж. | 20 миң |
| 10 миң |
| - АӨ башчысынын орун басары - Айыл башчы - АӨ ФЭБ башчысы -Айылдык Кеңештин депутаттары - ДТ лидери - ТСКАКБ мүчөлөрү | -Горводоканал менен анализ жасалып, келишим тузулду -Артезиандык скважиналарды изилдоо боюнча ишканалардын корутундусу берилди. |
2 – тапшырма. Койгойдуу чечуу боюнча каржы булактарын изилдоо: - Смета тузуу. -Жергиликтуу бюджет боюнча анализ жасоо. -Элдин мүмкүнчүлүктөрүн анализдоо (жолугушуу, жыйындар) -Кошумча булактарды табуу (донордук уюмдар, жергиликтуу спонсорлор, марафон, ж.б.) | Чапаев, Барын, Кара-Кохту, Капчыгай, Арал, Буудайлык | Февраль – март 2018-ж. | 45 000 |
| 15 000 |
| -Жергиликтуу бюджет боюнча Айыл Кенешинин токтому кабыл алынды. -Донордук уюмдарга проект даярдалды, кайрылуу жасалды. -Элди саалымы боюнча чечим кабыл алынды. | |||
3 –тапшырма. Таза сууну керектуу жерлерге жеткируу: -Чапаев айылынын С.Азимов көчөсүндөгү, Киров айылынын Какыр – Сай участкасындагы скважиналардан керектүү көчөлөргө суу тутукторун куруу (куурлар менен сууну участкадагы көчөлөргө бөлүштүрүү) -Арал айылын таза суу менен камсыздоо максатында Рай водоканал менен биргелешкен долбоор түзүү жана ишке ашыруу. | Чапаев, Барын, Кара-Кохту, Капчыгай, Арал, Буудайлык | Май- сентябрь 2018-ж. | 500 000 | 2500,0 миң | 500 000 | БУУ БДАТП тарабынан үн – май берилет. | Сууну жеткируу боюнча курулуш монтаждык иштери аткарылды. Эл таза суу менен камсыз болду. | |||
4. Жергиликтүү ИСКАКБнун ишин күчөтүү: -Тарифтерди кайра карап чыгуу жана сессияда бекитүү; -ИСКАКБ менен суу пайдалануучулар ортосундагы келишимдердин мазмунун жакшыртуу.
| Чапаев, Барын, Кара-Кохту, Капчыгай, Арал, Буудайлык | Ар дайым |
|
|
|
| - ИСКАКБ оз милдеттерин так аткарууда | |||
5 – тапшырма. Аткарылган иштер боюнча маалыматтарды даярдоо жана элге таратуу: -Элдик жыйындар откоруу -Маалымат тактачалары аркылуу |
| Ноябрь –Декабрь 2018-ж. |
|
|
| 5000 ИСКАКБ | -«Ноокат таны» газетадасында 2-3 статьялар чыгарылды. -Ар бир айылда жыйындар откорулду. -Маалымат тактачаларга малыматтар илинди. | |||
Багыты: Инфраструктура
Койгойдун аталышы жана сүрөттөлүшү: А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын , Барын айылы тургундарына электр энергиясын сапаттуу жеткирилишин камсыз кылуу.
А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылындагы Ак-Шувак 1,2,3, Ином ажы 1,2,3 жана К. Содиков атындагы көчөлөрдө КТП лар, электролиниялар жана столбалар жок. Аталган көчөлөргө турак –жайлар курулуп, элдер кочуп чыккандыгына байланыштүү электр энергиясы менен камсыздалыш жокко эсе . Элдер өз күчү менен ар түрдүү маркадагы зымдар менен биринен бири улап, электр линияларын тартып алышкан. Азыркы күндө 6,5 км жерге жаңыдан электр берүү линиясын тартуу маселеси турат. Аба ырайы өзгөргөндө эле бул көчөлөргө электр энергиясын берүү токтотулат. Айрыкча күз-кыш мезгилинде коркунуч артат, кокустан шамал бөлүп, электр зымдары бир – бирине тийип калышы, электр берүүдө авария болушу мүмкүн. Бул жагдай адамдарга зыян жеткирип, адам өмүрүнө коркунуч туудурат.
Бенефициарлар: А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылындагы 480-үй-бүлө (2500 адам).
| Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөттөр | Каржылоо (сом менен) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | |||
Жерг.бюдж | донор | элдик салым | башкалар | |||||||
| А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы Барын айылынын 480 үй-бүлөсүнө (2500 адам) 2018-жылда электроэнергияны сапаттуу жетиштигин камсыз кылуу.
| 1-тапшырма. Көйгөйдү чечүү боюнча жумушчу топ менен биргеликте элдерге сапаттуу электроэнергия жеткирүү боюнча уюштуруу иштерин жургузуу: -Айыл өкмөтүнүн жаңы ЛЭП тартуу боюнча токтому; -Райондук электр тармактары ишканасы менен келишим даярдоо; -Мыйзамга ылайык керектелуучу башка иш-кагаздарды жөнгө салуу. | Барын
| Январь-Февраль 2018-ж.
| 20 миң |
|
|
| -АӨ башчысынын орун басары - Айыл башчы -АӨ ФЭБ башчысы -Айылдык Кеңештин депутаттары - ДТ лидери - Райондук электр тармактары ишканасы | -Айыл өкмөтүнүн токтому кабыл алынды; -Ноокат райондук электр тармактары ишканасы менен анализ жасалып, келишим тузулду
|
2 - тапшырма. Көйгөйдү чечүү боюнча каржы булактарын изилдөө: -Жергиликтуу бюджет боюнча анализ жасоо. -ЛЭП тартуу боюнча долбоордук сметалык иш кагаздарын даярдоо. -Элдин мумкунчулуктөрун анализдөө (жолугушуу, жыйындар) -Кошумча булактарды табуу (донордук уюмдар, жергиликтуу спонсорлор, марафон, ж.б.) | Барын
| Март 2018-ж. | 30 миң |
|
|
| -Жергиликтуу бюджеттен акча бөлүнгөндүгү тууралуу Айылдык Кеңеш токтом кабыл алды -Донордук уюмдарга проект даярдалды, кайрылуу жасалды. -Элди саалымы боюнча чечим кабыл алынды. | |||
3 - тапшырма. Барын айылындагы Ак-Шувак 1,2,3, Ином ажы 1,2,3 жана К. Содиков атындагы көчөлөрдгө 6,5 км жаңы ЛЭП тартуу.
| Гулистан
| 2018-ж 2-3-кварталы | 1 000 000 | 1 000 000 | 481 150 | - | Барын айылынын Ак – Шквак 1,2,3, Ином ажы 1,2,3 жана К. Содиков атындагы көчөлөрдүн 6,5 км жерине жаңы ЛЭП тартылды. Айылдын жашоочулары сапаттуу электр энергия менен камсыз болушту. | |||
4- тапшырма. Аткарылган иштер боюнча маалыматтарды даярдоо жана элге таратуу: -Элдик жыйындар өткөрүү -Жергиликтуу газетадан маалымат беруу. -Маалымат тактачалары аркылуу | Барын | Ноябрь–Декабрь 2018-ж. | 20 миң |
|
|
| -Айылдын эки участкасында (Ак- Шувак жана Какыр – Сай) эл менен жолугушуулар өткөрүлдү. -Маалымат тактачаларына аткарылга иштер боюнча малыматтар илинди. | |||
Багыты: Социалдык маселе
Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: А.Кодирий атындагы толук эмес орто мектебинде окуу шартынын начардыгы.
Барын айылынын Какыр – Сай участкасында жайгашкан А. Кодирий атындагы толук эмес орто мектебинде 2017 -2018 – окуу жылында 408 окуучу окуйт. Мектеп имараты типтүү эмес. 1993 – жылдарда элдин күчү менен ашар ыкмасында курулган. Курулуш материалдары, айрыкча эшик – терезелери жасалган материалдар талапка жооп бербегендигине байланыштуу, мектептин чатырынан тамчы отот, эшик – терезелеринде жаракалар пайда болгон. Натыйжада, окуу бөлмөлөрүндө дубалдын шыбактары тушуп, полдору чырып калган. Жылуулукту сактоонун мумкунчулугу жок. Окуу бөлмөлөрү суук болгондугунан, кыш күндөрү окуучулар арасында мектепке келбей коюу (прогул) кобоюп кетет. Келгендери дагы суукта ушуп калгандыктан, сабактарды жакшы тушунушбойт. Окуучулар арасында суукка байланышкан оруулар кобоюп кетет. Эң негизгиси, окуучулардын билим дэнгеели төмөндөп кетет. Предметтер боюнча өткөрүлө турган олимпиадаларда А. Кодирий атындагы орто мектебинен райондо же облуста жеңген бир да окуучу чыкпагандыгы буга жаркын мисал боло алат.
Мектептин эшик – терезелери сапатсыз болгондугунан жылуулуктун коп бөлүгү сакталбай калууда. Натыйжада, мектепти жылытуу үчүн электр энергиясы жана көмүр үчүн жергиликтүү бюджеттен каралган лимиттен эки эсе коп сарптоого аргасыз
Бенефициарлар: Барын айылы, Какыр – Сай участкасынын 2350 тургундары. Анын ичинен 645 окуучу жашындагы балдар.
| Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөттөр | Каржылоо (сом менен) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | |||
Жерг.бюдж | донор | элдик салым | башкалар | |||||||
| Үч ай ичинде А. Кодирий атындагы толук эмес орто мектебин эшик – терезелерин алмаштыруу аркылуу окуу шартын жакшыртуу.
| 1-тапшырма Жумушчу топтун мүчөлөрү, ата-энелердин камкордук кеңеши менен биргеликте мектептин шартын жакшыртуу үчүн кете турган иш-кагаздарын даярдоо (дефекттык акты, чиймелер жана смета).
| Барын | Февраль 2018-ж. | 10 000 |
|
|
| - АӨ башчысы - Айыл башчылар - АӨ ФЭБ башчысы -Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиянын мүчөлөрү - ДТ лидери -Ата-энелердин камкордук кеңеши -Райондук билим берүү бөлүмү. | мектептин ата-энелер камкордук кеңеши а/ө жана а/к арыз менен кайрылды, -Жергиликтүү бюджеттен көйгөйдү чечүүгө акча каражаты көрүлдү
|
2-тапшырма. Мектептин чатырын жана эшик –терезелерин алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарды кароо; -Ата-энелердин камкордук кеңеши тарабынан берилген акча; -Көйгөйдү чечүү үчүн кошумча булактарды табуу (донордук уюмдар) | Барын. | Март 2018-ж. |
|
|
|
| 2018-ж. жергиликтуу бюджеттен 250 000 сом бөлүндү. -Ата-энелердин камкордук кеңеши тарабынан 100 миң сом акча берилди. - Донор уюмдарга проект даярдалды
| |||
3-тапшырма. Барын айылындагы А. Кодирий атындагы толук эмес орто мектеп чатырын, эшик – терезелерин алмаштыруу боюнча курулуш иштерин аткаруу: Тендер өткөрүү; Жеңуучунун тандап алуу; Курулуш иштерин аткаруу; Мониторинг жана балоо; Объектини кабыл алуу. | Барын
| Май – июль, 2018-ж.
| 250 000 | 1 000 000 |
| 100 миң (Ата-энелер. камкордук кеңеши) | Мектептин чатыры жана эшик – терезелери алмаштырылды. Окуучулардын окуу шарты жакшырды. | |||
4-тапшырма. -Мектепте аткарылган иштер тууралу маалыматтарды даярдоо жана элге таратуу: -Элдик жыйындар өткөрүү; -ММК аркылуу маалымат таратуу; -Маалымат тактачаларына иштин журушу боюнча маалыматтарды илип түрүү. | Барын | Иш процессинде ар дайым | 15 000 |
|
|
| -Айылда 2 жолу жыйын өткөрүлдү. -Мектеп алдына маалымат тактачалары орнотулуп, малыматтар илинди. -“Ноокат таңы” газетасында макала басылды. | |||
А. Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы: Ш. Гафаров
“МАКУЛДАШЫЛДЫ”
ДТ тун лидери: Х. Дадабаев
ДТ тун мүчөсү: М. Улмасова
А.Мирмахмудов айыл Кенешинин №13-2 Токтомуна тиркеме
Демилгечи топ
(Мектеп, бала бакча, бюджет маселелери боюнча)
1. Дадабаев Халимжон – Ао кызматчысы - Барын айылы
2. Улмасова Муяссархон –Бала бакча мудуру - Чапаев айылы
3. Абдуназаров Абдулсаит- АК депутаты - Барын айылы
4. Абдиразакова Хамидахон – Д/ч мучосу - Чапаев айылы
5. Сайтбоев Юсуфжон – Ао кызматчысы - Барын айылы
6. Маткаримов Омурбек – АК депутаты - Капчыгай айылы
7. Гаффаров Шукурилло – ФЭБ башчысы - Барын айылы
8. Рустамова Гулбахор –Бала бакча мудуру - Барын айылы
9. Тораев Абдурахим – Ао кызматчысы - Барын айылы
10. Закирова Гулхумор - Мугалим - Чапаев айылы
Демилгечи топ
(Ичимдик таза суу, электр энергия маселелери боюнча)
1. Исмоилов Илхомжон – АК торагасы - Чапаев айылы
2. Абдусалимова Мухтасар - Пенсионер - Чапаев айылы
3. Досмаматов Абдулазиз - Ао кызматчысы - Барын айылы
4. Холматова Муборакхон – Мугалим - Чапаев айылы
5. Сулайманова Арофатхон - АК депутаты - Барын айылы
6. Муллаев Номонжон – Д/ч мучосу - Чапаев айылы
7. Суранов Марибжан - АК депутаты - Арал айылы
8. Муминова Ранохон – Аялдар кенешинин торайымы - Барын айылы
9. Каратаев Хусниддин – АК депутаты - Чапаев айылы
10. Холматова Химоятхон – Активист - Чапаев айылы
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу
1. Ажибеков Дастанбек - Ао кызматчысы - Арал айылы
2. Абдурахмонов Дилмурод- Ао юристи - Барын айылы
3. Абдуназаров Абдулсаит- АК депутаты - Барын айылы
4. Абдиразакова Хамидахон – Д/ч мучосу - Чапаев айылы
5. Сайтбоев Юсуфжон – Ао кызматчысы - Барын айылы
6. Гайназаров Казимжон – АК депутаты - Чапаев айылы
7. Дадабаев Халимжон – Ао кызматчысы - Барын айылы
8. Рустамова Гулбахор –Бала бакча мудуру - Барын айылы
9. Тораев Абдурахим – Ао кызматчысы - Барын айылы
10. Маткеримов Омурбек - Мугалим - Капчыгай айылы