Загрузка документа…
А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралы № 13-3
Артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алуу боюнча өткөн жалпы жыйында кабыл алынган эки долбоорду бекитүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ажибеков Дастанбек берген маалыматтарды угуп, талкуулап А. Мирмахмудов айылдык Кеңеши төмөнгүдөй токтом кылат
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алуу боюнча өткөн жалпы жыйында эң көп добуш алган Чапаев айылындагы “Келечек умуттору” балдар бакчасына ашкана жана дараткана куруу аркылуу , бала бакчанын санытардык-гигиеналык шартын жакшыртуу боюнча «Келечек балдары» жана айыл аймактагы А.Кодирий атындагы толук эмес орто мектебинин чатырын, эшик-терезелерин алмаштыруу жолу менен окучулардын билим сапатын которуу боюнча “Заманбап мектеп” долбоорлору бекитилсин.
2. Чапаев айылындагы “Келечек умуттору” балдар бакчасына ашкана жана дараткана куруу аркылуу, бала бакчанын санытардык-гигиеналык шартын жакшыртуу боюнча «Келечек балдары» долбооруна жергиликтүү бюджеттен кошо салым 200 миң сом,
3. А.Кодирий атындагы толук эмес орто мектебинин чатырын, эшик-терезелерин алмаштыруу жолу менен окучулардын билим сапатын которуу боюнча “Заманбап мектеп” долбооруна жергиликтүү бюджеттен кошо салым 300 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп берилсин.
4. Бул долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д. Ажибековго милдеттендирилсин.
Төрага | И. Исмаилов |