Загрузка документа…
А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралы № 13-4
А. Мирмахмудов айыл аймагынын Барын айылынын жааматынын 2016-жылдын 7-октябрындагы протоколунун бекитип берүү жөнүндө
Мирмахмудов айыл аймагынын Барын айылынын тургундары айыл өкмөтүнө атайын кат менен кайрылышып ,азыркы күндө уул балдар, мамлекеттик каттоодон өткөн ,замандын талабына жооп бере турган типтуу заманбап медреседе диний талимдин алгачкы билимдерин алышууда, бирок айыл аймагына жашап жаткан кыз келиндер, аялдар атайын окуу жайы жөктүгүнөн ар жерлерде ар кандай кишилерден диний таалимдерин алышууда, бул дегени азыркы заманда ар түрдүү диний агымдар, диний экстремизм күч алып турган учурда көзөмөлсүз диний билим алууну келтирип чыгарышы мумкун деп, башталышы «Барын» айылынын мүлк үлүшү болгон эски тамеки сарайдин ордун, Барын элдеринин жааматы 2016-жылдын 7-октябрында өздөрүнүн жалпы жыйынында аталган жердин 2800ч.м. аянтын жогорудагы максаттарда мыйзам чегинде муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнү чечишкен арызы жана жалпы жыйындын протоколу менен айыл өкмөтүнө кайрылышкан.
Аталган маселени мыйзам талаптарынын негизинде карап чечип берүү үчүн айыл өкмөтү айылдык кеңешке кайрылган.
Жогорудагы маселени актууалдулугун эсепке алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкару жөнүндөгү» мыйзамынын 3гл, 18-беренесинин 1-бөлүмүнүн №2,15-пункуттарынын талаптарына, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси-нин 2гл. №18-беренесинин 3-бөлүмүнүн жана Мирмахмудов айыл аймагынын Барын айылынын тургундарынын жааматынын 2016-жылдын 7-октябрындагы жалпы жыйынынын протоколу негиз А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI шайланган депутаттардын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкару жөнүндөгү» мыйзамынын 3гл,18-беренесинин1-бөлүмүнүн №2,15-пункуттарынын талаптарына, Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»-нин 2гл. №18-беренесинин 3-бөлүмүнүн жана Мирмахмудов айыл аймагынын Барын айылынын тургундарынын жааматынын 2016-жылдын 7-октябрындагы жалпы жыйынынын протоколунун талаптары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Барын айылынын жааматынын 2016-жылдын 7-октябрындагы жалпы жыйынынын протоколу бекитилсин.
3. Мирмахмудов айыл аймагынын Барын айылынын элдеринин мүлк үлүшү болгон (эски тамеки сарайдин орду) 2800ч.м. жер тилкеси, келечекте кыз келиндер медресесинин имаратын куруу үчүн Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
4. Ушул токтомдун мыйзамдуу түрдө аткарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Исмаилов |
Мирмахмудов айыл аймагынын «Барын» айылынын тургундарынын
жалпы жыйынын
Протоколу
Барын айылы 7-октябрь 2016-жыл
Катышкандар : 213 киши
Кун тартибиндеги маселе
Мирмахллудов айыл аймагынын «Барын» айылынын элдерин улушу болгон эски тамеки сарайдын ордун келечекте кыз-келиндер медресеси куруу учун муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнөндө.
Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл аксакалы Исманов Абдималик ажы сөз алып, өз сөзүндө- Урматтуу айылдаштвр бугунку сиздер менен чогулуп кеңешип чечейли деген маселебиз өздөруңуздөргө белгилуу болгондой, сиздердин жана биздин улушубуз болгон эски тамеки сарайдын орду болгон 2800 ч.м жер тилкеси бир канча жылдан бери бекер, өтө чөп өсүп жатат. Сиздерге белгилуу болгондой айылыбызда замандын талабына жарашалуу балдардын диний медресеси курулуп, бир канча балдар Кыргызстандын туш тарабынан келишип, ислам динибиздин баштапкы талимин алышып өздөрунун билимдерин бекемдеп келишуудө. Ушул себебте, ушул бош жаткан жерде биздин жаш келин кыздарыбыздын диний чөйрөдө баштапкы билим беруу учун аялдар медресеси куруу учун ажыратып берсек жакшы болуп, биздин келин кыздар ислам динин туура тушунуп турмушта колдонгонго жакшы абалга болот эле деген сунушту ортого салды.
Сөз алган «Барын» айылынын айыл башчысы А. Досмаматов өз сөзундө, өзуңуздөргө белилуу болгондой азыркы учурда дуйнөөдө болуп жаткан, айрыкча дийний чөйрөдө ар турдуу-диний агымдар чыгуп элдин тушунугун терс жактарга буруп таштоодо, ушул себептен биздин келин-кыздарыбыз дин багытын баштапкы туура билим алып калса мениче жакшы болот.
Сөз алган айылдык кеңештин депутаты А.Тохтаев өз сөзундө- ушул жерибизди өз каалобуз боюнча жогорудагы максат учун беретурган болсок, биздин айылда жашап жаткан кыз-келиндерибиз туура багыттагы диний таалим алып калышса коомубузда дагы тартип болот деп билдирди .
Жогорудагы айтылган сунуш жана талкууларды эске алып Барын айылынын элдеринин жалпы жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ
Барын айылынын элдерин улушу болгон эски талмеки сарайдын ордуна кыз-келиндер учун медресе куруу учун 2800 м2 жер тилкеси Мирмахмудов айыл аймагынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
Ушул жалпы жыйындын токтомун бекитип беруу жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинен суралсын.
Чогулуштун төрагасы: А. Досмаматов
Катчысы: П. Исманов