Загрузка документа…
А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралы № 13-5
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) 2018-жылга карата ижарага берүү тартибин аныктоо жөнүндө
А. Мирмахмудов айыл аймагында 2018-жылдын 1-январына карата бардыгы болуп 413га. АЧЖМФ жерлери бар. Анын ичинен сугат айдоо сугат айдоо жер 113га., кайрак айдоо жер 217га., бак 5га., чөп чабынды жер 79га. түзөт.
Айыл аймагында жайгашкан АЧЖМФ жерлеринин туура пайдалануу, жерлердин мелиоративдик абалын жакшыртуу жана ижарак мөөнөтү бүткөн жерлерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын 2007-жылдын 2-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген жобосунун талаптарына ылайык аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү максатында Мирмахмудов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара мөөнөтү бүткөн жерлерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын 2007-жылдын 2-июнундагы №1997-III сандуу токтому менен бекитилген жобосунун талаптарына ылайык аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берилсин.
2. АЧЖМФ-нын жерлеринин аукцион аркалуу ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. АЧЖМФ-нын жерлеринин ижарага берүү мөнөөтү беш жыл деп белгиленсин.
4. АЧЖМФ-нын жерлеринин ижарага берүүнүн 1га.үчүн баштапкы баасы №2 тиркемеге ылайык белгиленсин.
5. АЧЖМФ-нын жерлеринин аукцион аркалуу ижарага берүү жана бардык ижарачылар менен ижара келишимдерин түзүү № 1 тиркеме боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Исмаилов |
«Бекитемин»
А.Мирмахмудов айыл Кенешынын
торагасы. _________И. Исмоилов
Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI-шайланган
депутаттарынын 3-февраль 2018-ж. кезектеги
XIII- сессиясынын №13-5 токтомуна № 1 тиркеме
Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссиясыныннын
курамы
1. Кадиров Акбар - депутат, комиссиянын төрөгасы
2. Сайтбаев.Ю -жер адиси,комиссия мүчөсү
3. Мирзажонов.М –депутат, комиссия мүчөсү
4. Канатбек уулу Кайрат –Ноокат мамкатто мекемесинин адиси
5. Тораев.А Чапаев айылыны айыл башчысы , комиссия мүчөсү
6. Мирзакаримов. А Киров айылынын -айыл башчысы , комиссия мүчөсү
7. Пакридинов.З - айыл өкмөтүнүн эсепчиси, комиссия мүчөсү
«Бекитемин»
А.Мирмахмудов айыл Кенешынын
төрагасы. __________И. Исмоилов
Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI-шайланган
депутаттарынын 3-февраль 2018-ж. кезектеги
XIII- сессиясынын №13-5 токтомуна № 1 тиркеме
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин 2018-жылга карата ижара акынын өлчөмүн аныктоо боюнча бардык жер салыгын жана суу акын кошкондогу1га. аянтка карата белгиленген(комиссия өзүнүн компетенциясынын чегинде, мыйзамда каралган тартипте өзгөртүү киргизүүсү белгиленсин.) талаптары боюнча
Расчету
1. Капчигай айылы:
2018-жылга сугат айдоо жер-5200 сом
2. Буудайлык айылында жайгашкан сугат айдоо жерлер;
2018-жылга сунушталганы-2200-4200 сом,
3. Чапаев айылында жайгашкан сугат айдоо жерлер;
2018-жылга сунушталганы-7200 сом,
4. Киров айылы Үч-жыгач бөлүмүнө жайгашкан сугат айдоо жерлер;
2018-жылга сунушталганы-4700 сом,
7. Киров айылынын «Ак-шувак» бөлүмүндө жайгашкан жерлер;
2018-жылга сунушталганы-3700 сом.
8. Арал айылынын Кара-Кокту бөлүмүндө жайгашкан сугат айдоо жерлер;
2018-жылга сунушталганы-1700-4200сом,
9. Кайрак жерлер
«Ит-өлдү» бөлүмү ;
2018-жылга сунушталганы-350 сом,
«Кыр-кол» бөлүмү ;
2018-жылга сунушталганы-1000 сом,
10.Бак дарактар;
2018-жылга сунушталганы-1400 сом,
Чөп чабынды:
2018-жылга-180 сом
11.Мирмахмудов үрөөнчүлүк чарбасы боюнча;
2018-жылга жер салыгы, социалдык төлөмдөр, суу акын кошулганда,бардык ижара акы;
1га. сугат айдоо жерге-2354 сом.
1га. кайрак айдоо жерге-207 сом.
Төрага | И. Исмаилов |